Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ
28
сентября
2023

     БАЭМУнун президенти Ж.Т. Арынбаев, ректору Т.К. Нарымбетов баштаган жетекчиликтин колдоосу менен Казахстандын Туркестан шаарында 20 – сентябрдан баштап 23 – сентябрга чейин Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин VII бүткүл дүйнөлүк конгресси (Turkic World Mathematical Society Congress, TWMS Congress) ф.м.и.к., доцент Канетова Д.Э. катышып келди. Бул конгресске 21 өлкөдөн 500 дөн ашуун окумуштуу-математиктер катышты, чакырылгандардын арасында Нобел сыйлыгынын Лауреаттары дагы болушту.

     Конгресстин негизги максаты - эл аралык байланыштарды жана илимий достукту кеңейтүү, математикалык илимди өстүрүүнү жана математиканын жетишкендиктерин колдонууну көмөктөшүү, информациялык технологияларды илимий изилдөөлөрдө, техникада жана билим берүүдө колдонуу. Конгресстин жүрүшүндө окумуштуу-математиктер коюлган көйгөйлөрдү чечүүдө математикалык илимдин ролун жогорулатууну өзгөчө сөз кылышты.

20
сентября
2023

           Бүгүн БАЭМУда Мамлекеттик тил жумалыгынын алкагында кереге кенеш өткөрүлүп, "КЫРГЫЗ ТИЛИ - МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ" деген тамада улук окутуучу К. О. Надырбаеванын илимий баяндамасы окулду жана тил тууралуу кабыл алынган жаңы мыйзамдар менен тааныштырылды. Кыргыз тилинде болуп жаткан көйгөйлүү маселелерге да көңүл бурулуп, кызыктуу талкуу болду.

19
сентября
2023

Бүгүн жаркырап аткан таң менен БАЭМУда Президентибиз Ж.Т. Арынбаев, ректор Т.К. Нарымбетов баштаган жалпы жамаат  кыргыз тилинин Мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 34 жылдык урматына карата шаңдуу маанайда тил жумалыгын  жарыялады. 

Бул аптада бизде эң сонун иш-чаралар өткөрүлүп, университетибиздеги чет элдик студенттерибизге тилибизди, маданиятыбызды даңазалап, таанытмакчыбыз. Албетте, өткөрүлгөн ишибизди сиздер менен бөлүшүп турабыз.

19
сентября
2023

УВАЖАЕМЫЕ КОЛЛЕГИ!!!

Приглашаем Вас для участия на V Международной научно-практической конференции, посвященной дню науки под названием:

ЦАММУ – КЛЮЧ К НАУКЕ”

АКТУАЛЬНЫЕ ПРОБЛЕМЫ СОВРЕМЕННОЙ НАУКИ, ОБРАЗОВАНИЯ И ЗДРАВООХРАНЕНИЯ”

Основная цель конференции – создание диалоговой площадки для обсуждения актуальных вопросов развития науки, образования, здравоохранения, технологии и медицины, поиска путей решения проблем, а также практический обмен опытом на их основе.

 Программа конференции 

Информационное письмо

Маалымат кат 

Information CAIMU

 

 


 

13
июня
2023

Х.и.к., доцент а.а. Адышева жана доцент л.с. Кочкорбаеванын 70 жылдык юбилейине арналган “өмүрүн эл агартууга арнаган асылзаада айымдар” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга чакыруу жана программа 2023-жыл, 15-июнь

Скачать программу конференции

1
июня
2023

2023-жылдын 19-20-майында жана  Өзбекстан Республикасынын Самарканд мамлекеттик медициналык университетинде өткөрүлгөн “ФУНДАМЕНТАЛЬДЫК ПРИКЛАДДЫК МЕДИЦИНА ЖАНА ФАРМАЦИЯНЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ” аталыштагы медициналык ЖОЖдордун жаш окумуштууларынын жана студенттеринин 77-эл аралык илимий-практикалык конференциясына  Борбор Азия эл аралык медициналык университетинин студенттери Жеханд Али, Мухаммад Шоаиб Раззак катышып, онлайн форматта илимий баяндамаларын жасашып, “Мыкты баяндамасы” үчүн дипломдор менен сыйланышты. ЖОЖдор ортосундагы кызматташуу өнүгүшүнө тилектешпиз!

Студенты Центрально-Азиатского международного медицинского университета Жеханд Али, Мухаммад Шоаиб Раззак приняли участие в 77-й Международной научно-практической конференции молодых ученых и студентов медицинских вузов по теме: «ДОСТИЖЕНИЯ ФУНДАМЕНТАЛЬНОЙ ПРИКЛАДНОЙ МЕДИЦИНЫ И ФАРМАЦИИ», состоявшейся 19-20 мая 2023 года в Самаркандском государственном медицинском университете, Республики Узбекстан, выступили с научными докладами в онлайн-формате и были награждены дипломами за «Лучший доклад». Желаем развития сотрудничества между университетами!

 

19
мая
2023

2023-жылдын 17-майында Борбор Азия Эл аралык медициналык университетинде Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарындагы Самарканд мамлекеттик медициналык университети менен биргеликте гибриддик (оффлайн, онлайн) форматта “ЗАМАНБАП ИЛИМДИН ӨНҮГҮШҮ, МЕДИЦИНА ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ: ИННОВАЦИЯ ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДИН АКТУАЛДУУ СУРООЛОРУ” аталыштагы Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияга Пакистан, Индия, Монголия, Өзбекстан, Казахстан Республикаларынын, Россия федерациясынын, Кыргызстандын ЖОЖдорунун окумуштуулары катышып, 136 илимий баяндама окулду. Конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, катышуучулар сертификаттар менен сыйланышты. Конференцияны эң жогорку деңгээлде уюштурууга ар тараптан колдоо көрсөткөн БАЭМУнин президенти Ж.Т. Арынбаевке, ректору К.Б. Тампагаровко жана СамММУнун ректору Ж.А. Ризаевге жана “Медициналык химия” кафедрасынын башчысы Д.К. Халмурадовага терең ыраазычылык билдиребиз! ЖОЖдор ортосундагы кызматташуу өнүгүшүнө тилектешпиз!

25
апреля
2023

 Бүгүн 25-апрелде БАЭМУнун "НИМСИ" жеке клиникасынын ачылыш аземи болду. Бул салтанатка Жалал-Абад обладминистрациясынын социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Ашимовна, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Калмурзаевна, Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканаснын башкы дарыгери Кумарбек Пазыловичтер баштаган жетекчилер жана КРнын Саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген дарыгер Калдарбек Алишерович баштаган жоон топ дарыгерлер катышып, өздөрүнүн жылуу сөздөрүн айтышып каалоолорун билдиришти.

20
апреля
2023

2023-жылдын 19-апрелинде Караганда мамлекеттик медициналык университетин профессору, фарм.и.д. Абдуллабекова Раиса Мусулманбековна Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында «Базистик фармакология» дисциплинасынан 2-3-курстун студенттерине онлайн-конок лекциясын өттү. Лекцияга профессордук-окутуучулук курам, ординаторлор, аспиранттар да катышышты.

14
апреля
2023

 

Борбор Азия эл аралык медициналык университети - Кыргызстандын түштүк аймагындагы ынтымактын, достуктун, биримдикти чыңдоочү заманбап медициналык окуу жай. Дүйнөлүк билим берүүнүн жаңыча ыкмаларына шайкеш келген окуу жайыбыздын жаңы аталышы кут болсун.

 0001

© 2024. Все права защищены.