Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ

Бүгүн жаркырап аткан таң менен БАЭМУда Президентибиз Ж.Т. Арынбаев, ректор Т.К. Нарымбетов баштаган жалпы жамаат  кыргыз тилинин Мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 34 жылдык урматына карата шаңдуу маанайда тил жумалыгын  жарыялады. 

Бул аптада бизде эң сонун иш-чаралар өткөрүлүп, университетибиздеги чет элдик студенттерибизге тилибизди, маданиятыбызды даңазалап, таанытмакчыбыз. Албетте, өткөрүлгөн ишибизди сиздер менен бөлүшүп турабыз.

 

 Жер каймактап, кыргыз кыргыз болуп жаралгандан бери бирде чабылып, чачылса, бирде чыйралып, башын бириктирип, каныбызга сиңген кашкөйлүк, өжөрлүк, ар намыс, баатырдыгыбыз менен элдүүлүгүбүздү жоготпой ушул күнгө жеттик...

Кыргыз элинин башынан нелер гана өтпөдү...

Бекеринен:

Кайың барбы кыргыз балта чаппаган

Кыр-жон барбы кыргыз кыргын таппаган.

Кылымдарга аты калбай өчөрдө,

Кыргыз элин кыраан Манас сактаган,-деп айтылбаса керек.

Ар бир доордо Айкөл Манастай баатырларыбыз чыгып, элибизди тукум курут кылбай сактап турган, кут даарыган улуу элбиз.

Кыргыз эли  ушул күнгө чейин эне тилин жоготпой, дал ушул улуу тилде кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, элдик оозеки чыгармачылыгын, тарыхын, деги койчу кыргызга Теңирден эмне буюрса-ошону мурастап келет. 

Улуу элибиздин урпактарынан, эне тилин өнүктүрүүгө баш оту менен киришип, жан үрөп иштеп жаткан биздин БАЭМУнун профессорлук-окутуучулук жамааты да бар. Окуу жай эл аралык болгону менен, иш кагаздарын жаңы жарлыкка ылайык кыргызча алып барат.

Тил жоголбойт, жоголсо жоголот дил.

Уулуң дагы, кызың да жоголот бил! 

БАЭМУда Мамлекеттик тил жумалыгына карата кыргыз тилинин окутуучулары "Тил-улуттун жаны" аталышында кыргыз тилин таанытуучу ачык сааттарды өткөрүштү. Анда студенттерге чет элдик студенттерге кыргыз тилинин улуулугу, кыргыз маданиятынын баалуулуктары жөнүндө маалыматтар берилди.

Келгиле, урматтуу замандаштар, эне тилибизди колдон келишинче даңазалайлы, барктайлы, баалайлы!

 

Ознакомьтесь и информацией в интернете:
http://nimsi.kg/news/212-til-uluttun-zhany#sigFreeId5f66b92ae5

 

© 2024. Все права защищены.