Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ

     БАЭМУнун президенти Ж.Т. Арынбаев, ректору Т.К. Нарымбетов баштаган жетекчиликтин колдоосу менен Казахстандын Туркестан шаарында 20 – сентябрдан баштап 23 – сентябрга чейин Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин VII бүткүл дүйнөлүк конгресси (Turkic World Mathematical Society Congress, TWMS Congress) ф.м.и.к., доцент Канетова Д.Э. катышып келди. Бул конгресске 21 өлкөдөн 500 дөн ашуун окумуштуу-математиктер катышты, чакырылгандардын арасында Нобел сыйлыгынын Лауреаттары дагы болушту.

     Конгресстин негизги максаты - эл аралык байланыштарды жана илимий достукту кеңейтүү, математикалык илимди өстүрүүнү жана математиканын жетишкендиктерин колдонууну көмөктөшүү, информациялык технологияларды илимий изилдөөлөрдө, техникада жана билим берүүдө колдонуу. Конгресстин жүрүшүндө окумуштуу-математиктер коюлган көйгөйлөрдү чечүүдө математикалык илимдин ролун жогорулатууну өзгөчө сөз кылышты.

       Жыйындын аягында Түрк дүйнөсүнүн алдыңкы окумуштуу-математиктери сыйланышты.

       Доцент Д.Э. Канетова “On countably paracompact extensions” жана “On completion of ordered uniform spaces” аталыштагы эки баяндамаларды жасады. Бул жасалган баяндамалар Казахстандын Scopus жана Web of Science базаларында индекстелген журналдарында жарыяланмай болду. Секцияны академик А.А. Бөрүбаев жетектеп алып барды.

       Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин бүткүл дүйнөлүк союзу (TWMS) алгач 1999 – жылы Турцияда түзүлгөн жана Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин абройлуу коому болуп саналат. Азыркы кезде Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин бүткүл дүйнөлүк союзу конгресстерди жана жолугушууларды байма-бай өткөрүп келет о.э. Web of Scienceде импакт фактору IF=3,8 жана Q1 квартилге ээ болгон “TWMS Pure and Applied Mathematics” аталыштагы журналга ээ.

 К.ф-м.н., доцент Канетова Д.Э. приняла участие в работе VII Всемирном конгрессе математиков Тюркского мира и выступала с докладами

        Благодаря поддержке администрации в лице президента ЦАММУ  профессора Ж.Т, Арынбаева, ректора и.о. профессора Т.К. Нарымбетова доцент, к.ф.-м.н., Д.Э. Канетова приняла участие в работе VII Всемирного конгресса математиков тюркского мира (Turkic World Mathematical Society Congress, TWMS Congress) в  городе Туркестан Республики Казахстан с 20 – сентября по 23 – сентября. В таком масштабном  мероприятии принимали участие более 500 учёных-математиков из 21 стран мира, среди которых  были и Лауреаты Нобелевских премий..

       Основной целью Конгресса были расширение международных связей и научного сотрудничества ученых, содействие развитию математической науки и применение достижений математики, информационных технологий в научных исследованиях, технике и образовании. В конгрессе участники особое внимание уделяли повышению роли математической науки в реализации поставленных задач.

       На заключительном собрании конгресса награждены ведущие ученые-математики тюркского мира.

       Доцент Д.Э. Канетова выступала с докладами “On countably paracompact extensions” и “On completion of ordered uniform spaces”. Доклады Д.Э. Канетовой рекомендованы к публикации в индексируемых журналах Scopus и Web of Science. Председательствующим секции был академик А.А. Борубаев.        

       Союз Математиков тюркского мира (TWMS) впервые организован в 1999 году в Турции и является самым влиятельным союзом математиков тюркского мира. В настоящее время Союз Математиков тюркского мира имеет престижный журнал под названием “TWMS Pure and Applied Mathematics” c импакт фактором в Web of Science IF=3,8 и с лучшим квартилем Q1.

© 2024. Все права защищены.