Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ

 Бүгүн 25-апрелде БАЭМУнун "НИМСИ" жеке клиникасынын ачылыш аземи болду. Бул салтанатка Жалал-Абад обладминистрациясынын социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Ашимовна, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Калмурзаевна, Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканаснын башкы дарыгери Кумарбек Пазыловичтер баштаган жетекчилер жана КРнын Саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген дарыгер Калдарбек Алишерович баштаган жоон топ дарыгерлер катышып, өздөрүнүн жылуу сөздөрүн айтышып каалоолорун билдиришти.

Клиникада Невролог, Пульмонолог, Кардиолог, Уролог, Проктолог, Гастроэнтеролог, Психиатр, Аллерголог адистери жана УЗИ кызматы калкты тейлейт. Заманбап стационардык палаталар, ичинде 4 маал тамак, дары-дармек, анализдердин бардык түрлөрү, физкабинет, ЭКГ жана массаж кызматтары көрсөтүлөт.

 

© 2024. Все права защищены.