Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ
15
мая
2021

2021-жылдын 11-майында КРдин ЖОЖдорунун алыскы чет элдик студенттеринин арасында С. Тентимишев атындагы Азия медициналык институту тарабынан өткөрүлгөн эл аралык онлайн олимпиадага Жалал-Абаддагы Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институтунун Жалпы медициналык дисциплиналар кафедрасынын студенттери “Медициналык биология”, “Физика” дисциплиналарынан катышып, байгелүү орундарга ээ болушту. ИИМСИнин студенттери олимпиаданын жүрүшүндө алган билимдеринин тереңдигин, чыгармачылык менен изденүүчүлүктөрүн жана ар тараптуу таланттуу экендигин көрсөтүштү.

6
мая
2021

Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институтунун президенти Ж.Т. Арынбаевдин демилгеси менен профессордук-окутуучулар курамы Баткендеги чек ара коогалаңында жаракат алып жапа чеккен жарандарга кезектеги жардам иретинде кан тапшырууну улантууда. ИИМСИнин эмгек жамааты дайыма сиздер менен! Мындан ары да ар кандай колдоолорду көрсөтүүнү улантабыз!!!

2
мая
2021

Урматтуу Баткен эли, башыбызга түшкөн 28-30-апрель күндөрүндөгү кандуу окуялар баарыбызга келген чоң сыноо болду. Мындай учурда бир муштумдай түйүлүп ынтымак болушубуз, оор жоготууга учураган үй бүлөлөрдүн азасын бөлүшүп туруубуз атуулдук милдетибиз деп эсептейбиз. ИИМСИнин эмгек жамааты дайыма сиздер менен!

  1. “Баткен - биз сени менен!” аталышында гуманитардык жардам уюштурулду
  2. Институттун жалпы жамаатынын бир күндүк айлык маянасы которулду.
  3. Медициналык жардам иретинде дарыгерлерден түзүлгөн топ кызмат көрсөтүүгө даяр турат
  4. Кан тапшыруу демилгеси менен окуу жайыбыздын президенти Ж.Т.Арынбаев баштаган ыктыярдуу кесиптештерибиз донор болууда
  5. Институттун базасындагы үч жеке клиникалар жабыркагандарды окуу жайдын эсебинен акысыз дарылоого даяр
  6. Баткен областынын чек ара аймактарындагы жабыркаган айылдарга атайын адис-психологдор жөнөтүлүп жатат
21
апреля
2021

Сегодня 21 апреля 2021 года  кафедра морфологических дисциплин НИМСИ провела научно-практическую конференцию к 30-й годовщине всемирного дня борьбы с гемофилией на тему «Царская болезнь или гемофилия». На которой участвовали преподаватели и студенты нашего института.

Конференция началось с гимна Кыргызской Республики после чего заведующая кафедры морфологических дисциплин доктор Ph.D медицины Максуда Бекиевна  ознакомила участников и гостей регламентом конференции и предоставила слово ректору НИМСИ доктору физико-математических наук, доценту Тампагарову К.Б. который пожелал удачи всем участникам конференции.

Целью проведения конференции стала информирование о болезни крови под названием Гемофилия.

20
апреля
2021

Биринчи даражадагы "Манас" орденинин кавалери, 30 томдон ашык илимий эмгектердин, 20 басма табактай макалалардын автору, 60 миң сөздү өзүнө камтыган "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", "Орусча-кыргызча", "Кыргызча-орусча" сөздүгү, "Накыл сөздөр", "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", "Камус наама" аттуу китептердин автору, Максим Горькийдин "В людях", "Жизнь ненужного человека", Александр Радищевдин "Петербургдан Москвага саякат", Джонни Родаринин "Чиполлино", Леон Кручковскийдин, Рабиндранат Тагордун чыгармаларын, кытай эл жомокторун которгон мыкты котормочу, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, 16 түрк тилинде жана араб, фарси, немисче эркин сүйлөгөн. 29 жашында кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү, үч кыздын татыктуу атасы К.Карасаев кыргыз тили илимине эле эмес, кыргыз элине опол тоодой эмгек жасаган.

14
апреля
2021

Табигый-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары 2021-жылдын апрель айында Райымкул уулу Жакшылык жана т.и.к., Анарбекова Венера Эркинбековна Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “КРЕАТИВ” билим берүү комплекси тарабынан уюштурулган “САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ АРТЫКЧЫЛЫКТУУ ПЛАТФОРМАЛАР” аталышындагы мугалимдердин билимин өркүндөтүү курсунан өтүштү.

29
марта
2021

26-март 2021-жылы ИИМСИнин “Жалпы медициналык дисциплиналар” кафедрасынын профессордук –окутуучулук курамына Казахстандын Назарбаев университетинен профессору Д. А. Шаматов силлабус түзүү боюнча окуу-усулдук семинар өтүп берди.

26-март 2021-жылы ИИМСИнин “Жалпы медициналык дисциплиналар” кафедрасынын “Дарылоо иши” адистигинде окуп жаткан студенттерге Казахстандын Назарбаев университетинен профессору Д. А. Шаматов менен тегерек стол болду, студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берди.

НИМСИнин жалпы медициналык дисциплиналар кафедрасынын “Вируска бактерияга каршы дары каражаттарын, биологиялык активдүү кошулмаларды иштеп чыгуу” аталыштагы илимий темасы боюнча Google, instagram порталдарында Кыргызстандын жарандарына, жакынкы, алыскы чет өлкөлөрдөн келип окуган студенттерге COVID 19 боюнча суроо жооп иретинде сурамжылоо өткөрүлдү. Сурамжылоого 400дөн ашык киши катышты. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча илимий макала даярдалды.

20
марта
2021

20-март. 2021 ж. Илимий-изилдөө медициналык социалдык институтунун Табийгый гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын профессордук окутуучулук курамы Улустун улуу күнү Нооруз майрамына караты сүмөлөк даярдашып институттун эмгек жамаатына таркатышты. Күн менен түн тенелип мусулман жаны жылында мамлекетибизде туруктуулук, биримдик, ынтымак, социалдык өнүгүү болсун деп бата тилеп ниет кылышты!

19
марта
2021

19 марта  2021 году в Научно-исследовательский медико-социальный институт посетила ректор Института иностранных языков (ИИЯ) г. Санкт-Петербург Российской Федерации, доктор филологических наук, профессор, почетный профессор ряда российских и зарубежных университетов Пименова Марина Владимировна. Профессор из Санкт-Петербурга ознакомилась с профессорско- преподавательским составом и с деятельностью НИМСИ. В ходе встреч официально подписана совместный договор о сотрудничестве с ректором НИМСИ профессором Тампагаровым Куштарбеком Бекмуратовичем и ректором ИИЯ профессором Пименовой Марины Владимировны. Профессорско- преподавательский состав послушали лекции в рамках курса «Методика преподавания гуманитарных дисциплин в школе и вузе». Совместное сотрудничество с Санкт-Петербургского Института иностранных языков улучшить в развитие науки и укрепление кыргызско-российского сотрудничества в сфере высшего профессионального образования и науки. Желаем НИМСИ и ИИЯ успехов и сотрудничества в сфере науки и образования!

© 2024. Все права защищены.