Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ

2021-жылдын 11-майында КРдин ЖОЖдорунун алыскы чет элдик студенттеринин арасында С. Тентимишев атындагы Азия медициналык институту тарабынан өткөрүлгөн эл аралык онлайн олимпиадага Жалал-Абаддагы Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институтунун Жалпы медициналык дисциплиналар кафедрасынын студенттери “Медициналык биология”, “Физика” дисциплиналарынан катышып, байгелүү орундарга ээ болушту. ИИМСИнин студенттери олимпиаданын жүрүшүндө алган билимдеринин тереңдигин, чыгармачылык менен изденүүчүлүктөрүн жана ар тараптуу таланттуу экендигин көрсөтүштү.

“Медициналык биология” дисциплинасы боюнча:

1-орунду “Эң мыкты видео” номинациясын ЛДИ-4-19 тайпасынын студенти Парас Ашфаг, окутуучу Набила Дауд;

“Физика” дисциплинасы боюнча:

3-орунду ЛДИ-5-20 тайпасынын студенти Мухаммад Убайдуллах, окутуучулар Абдымажитова Жыпаргул, Мухаммад Фаяз.

ИИМСИнин Профессордук окутуучулук курамынын студенттерге сапаттуу билим берүүдө чыгармачылык менен эмгектенгенине ар тараптан колдоо көрсөтүп, студенттердин терең билим алганына, эл аралык олимпиадаларга катышып , байгелүү орундарга ээ болушуна шарт тузуп берген президентибиз Жаңыбай Токоевичке, ректоратка терең ыраазычылык билдиребиз.

            Олимпиаданын жеңүүчулөрүн куттуктап, келечекте ийгиликтердин жарала беришин каалайбыз!

ЖМД кафедрасынын эмгек жамааты.

WhatsApp Image 2021 05 17 at 09.04.30

© 2024. Все права защищены.