Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ

2021-жылдын 21-январында Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институтунда (ИИМСИ) “Медициналык адистиктерди даярдоодо табигый-гуманитардык дисциплиналарды окутуунун орду” аталышындагы республикалык илимий-практикалык вебинардык конференция өткөрүлдү. Конференцияга республикабыздын бардык аймактарындагы ЖОЖдордон окумуштуулар жана илим изилдөөчүлөр катышты.

Конференциянын алкагында илимпоз-математиктердин салтка айланып калган аймактык илимий семинарынын кезектеги көчмө жыйыны болуп өттү. Ал семинарга өлкөбүздүн белгилүү окумуштуулары: УИАнын корреспондент мүчөсү ф.-м.и.д., профессор Алымкулов К., ОшМУнун ректору ф.-м.и.д., профессор Кожобеков К.Г., ЖАМУнун проректору ф.-м.и.д., профессор Алыбаев К.С., ф.-м.и.д., профессор Сопуев А.С. (ОшМУ), ф.-м.и.д., профессор Турсунов Д.А. (ОшМУ), ИИМСИнин ректору ф.-м.и.д., профессор Тампагаров К.Б. баштаган илимпоздор катышты.

Конференциянын жыйынтыгы менен ИИМСИ менен ОшМУнун ректорлору эки окуу жайдын мындан аркы кызматташуусу жөнүндөгү келишимге кол коюшту.

 

© 2024. Все права защищены.