Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ

7-ноябрь ТАРЫХ жана АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ, 10-ноябрь ИЛИМ күнүнө карата Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институту (ИИМСИ) тарабынан 12-ноябрь күнү “ИИМСИ – ИЛИМДИН АЧКЫЧЫ” аталышындагы республикалык илимий вебинардык конференция уюштурулду.

Конференцияга Талас мамлекеттик, Ош мамлекеттик, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттеринен, ИИМСИден илимпоздор жана окутуучулар катышышып баяндамаларды жасашты. Конференция азыркы пандемия шартын эске алуу менен гибридтик формада, башкача айтканда оффлайн жана онлайн режимде өткөрүлдү. Конференциянын максаты – билим берүүнүн, илимдин жана медицинанын актуалдуу маселелерин талкуулоо, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издөө, ошондой эле алардын негизинде практикалык тажрыйба алмашуу үчүн диалог аянтчасын түзүү.
Конференциянын ачылуу аземинде Адактуу профессору наамы Б.Осмонов атындагы мамлекеттик университетинин ф.-м.-и.доктору, профессор Алыбаев Курманбек Сармановичке берилип, диплом жана мантия менен сыйланды. Ошондой эле окуу жайдын аталган майрамдарга карата окутуучу-профессордук курамы илимге, билим берүүгө кошкон салымдары үчүн атайын акчалай сыйлыктар жана окуу жайдын ардак грамотасы, ректордун алкышы жарыяланды.
Конференциянын жыйынтыгы менен мыкты баяндамалардын авторлору сертификаттар жана дипломдор менен сыйланышты.
Ошондой эле конференциянын жыйынтыгы менен төмөнкүдөй резолюция кабыл алынды:
1. ТАРЫХ жана АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ жана ИЛИМ күндөрүнө карата илимий конференцияны жыл сайын өткөрүү салтка айлантылсын;
2. Жаш окутуучуларды илимге кызыктыруу жана тартуу, аларга илим менен иштөөсүнө ар тараптан колдоо көрсөтүү колго алынсын;
3. Конференциянын жыйынтыгы менен эң алдыңкы деп таанылган баяндамалар “ИИМСИнин жарчысы” илимий-маалыматтык журналына жарыялансын.

 

Ознакомьтесь и информацией в интернете:
http://nimsi.kg/news/92-iimsi-ilimdin-achkychy#sigFreeIded0a79bee0

© 2024. Все права защищены.