Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ

Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институтунун Табигый-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын доценти, филол.и.к. Турдубаева Аида Мамажунусовна жана окутуучу Ажибаев Замир Абдыкалыкович дүйнөлүк адабияттын казынасын байыткан, алп, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүнө арналган «Өчпөс жылдыз —Чыңгыз Айтматов»-деген темада, ЛД-1-21 жана ЛД-2-21 тайпалары менен иш чара өткөрүштү.

 

Иш чарада катышкан студенттер өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү. Инновациялык усулдар менен өткөрүлдү. Улуу жазуучу Ч.Айтматовго арналган слайддар көрсөтүлдү. Ч.Айтматовдун “Делбирим” чыгармасына арналып Өзбекстанда тартылган кинонун клипмейкери көрсөтүлдү. Студенттер Ч.Айтматовго арналган ырларларынан көркөм окуп беришти. “Ильястын ырын” обону менен ырдап берген студенттер дагы болду. Иш чаранын жүрүшүндө студенттер 3 топко бөлүнүп, Ч.Айтматовдун чыгармаларына таблица, синквейн, кластерлерди батмандарга жазып, чыгармачылык менен көрсөтүп бере алышты. Кафедранын жамааты дагы активдүү катышып, сабактын аягында кызуу талкууга алышты.

Чыңгыз Айтматов өзүнүн чыгармаларында башкалар баамдай албаганды алдын ала байкап, окурмандарга карапайым адамдардын жашоосун, табигаттагы болуп жаткан өзгөрүүлөргө башкалар баам салбаган, көрүнүштөргө тил киргизип, өзүнүн акылман, көркөм сүрөткерлиги менен эсинде калды. Чындыгында аалам алпы – өчпөс жылдыз, улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун каармандары-өчпөс каармандар.

Ознакомьтесь и информацией в интернете:
http://nimsi.kg/news/191-chp-s-zhyldyz-chy-gyz-ajtmatov#sigFreeIde7ba4b9372

 

 

 

© 2024. Все права защищены.