Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ

Билимдүү болсоң озорсуң, билимсиз болсоң тозорсуң демекчи, чындыгында, азыркы глобалдаштыруу заманында бир күн окубай, замандын талабына ылайык билим албай калсаң, көп ийгиликтер өз дарбазасын жаап аларына бөркүңүздөй ишене бериңиз.

         Мына ошондуктан, ИИМСИнин жетекчилиги менен кошо жалпы жамааты студенттерге билим берүү менен гана чектелбестен, илимий иш-чараларды өткөрүп, башка жогорку окуу жайлары менен алака-катыш түзүп, алардын ийгилигинин сырын үйрөнүп, институттагы өзгөчөлүктөр менен тааныштыруу жаатын абдан пландуу колго алган.

         30-ноябрда институтубуз “ИИМСИ-илимдин ачкычы” деген теманын алкагында салтка айланып калган эл аралык IV илимий-практикалык конференциясын абдан чоң ийгиликтин коштоосунда өткөрдү.

 

         Конференцияга мындан 4 жыл мурун келип түшкөн илимий баяндамаларга караганда быйылкы жылкысы он эсеге чейин өстү. Демек, жылдан-жылга илим чөйрөсүндөгү окумуштууларыбыз менен институт тыгыз байланышта иштешип жатышат десек туура болот.

         Конференция 3 секциялык багытта болду: Гуманитардык илимдер-коомду өнүктүрүүнүн башаты, Илимдин өнүгүшүндөгү табигый жана так илимдердин ролу, Учурдагы медицина илиминин көйгөйлөрү.

         Аталган илимий иш-чарага республикабыздын илимпоздорунан сырткары Пакистандан, Өзбекстан, Казакстандан да окумуштуулар өздөрүнүн кызыктуу илимий изилдөөлөрү, илимий макалалары менен ой бөлүштү. Тагыраагы 80ден ашык илимий баяндамалар жасалды. Конференция ийгиликтүү жыйынтыкталып, резолюция кабыл алынып, өз максатына жетти.


© 2024. Все права защищены.