Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ

Өлкөбүздүн, элибиздин тынчтыгы ар бир мамлекет жаранынын журөк түпкүрүндөгү эң купуя милдети, тилеги. Жалпы Лейлек элине психологиялык жактан жардам берүү максатында 2022-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын психологдордун тобу уюштурулуп, өз иштерин аткарышууда. Топ Раззаков шаарында, Маргун, Бешкент айыл аймактарында элдерге жеринде психологиялык жардам көргөзүүдө. Илимий изилдөө медициналык социалдык институтунун жетекчилигинин колдоосу менен  доценти, Саясий илимдеринин кандидаты Калиев Азамат Саитович жарандык милдети катары, окуу жайдын кызматкери катары бул топ менен биргеликте жабыркаган элге психолог катар жакындан жардам берип жүрөт. Азамат Саитович адамгерчилик сапаты жогору мыкты педагог, мыкты психолог, мыкты илимпоз. Эскере кетсек Азамат Саитов мурунку Баткен коогалаңында да алгачкылардан болуп элди психологиялык жактан колдоо максатында барып келген. Агайга бекем ден соолук, дем күч тилейбиз. Окуу жай материалдык жардам берүүдөн да четте калган жок. Элибизде, жергебизде тынчтык болсун.  

 

Ознакомьтесь и информацией в интернете:
http://nimsi.kg/news/155-lejlek-eline-zhakyndan-zhardam#sigFreeId09b7782640

 

© 2024. Все права защищены.