Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ

Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институтунун ф.-м.и.к., доцент Динара Канетова ИИМСИнин жетекчилигинин колдоосу менен  2022-жылдын 24-29–июлунда Чехиянын Прага шаарында өткөн 13–топологиялык ири симпозиумдун (TOPOSYM-2022) ишине катышып келди. Илимий жыйында ал "ON µ-COMPLETENESS OF UNIFORM SPACES AND UNIFORMLY CONTINUOUS MAPPINGS" деген темада жарым сааттык баяндама жасады. Баяндама зор кызыгууну жаратып, бул тематика менен илимий иштерин жүргүзгөн Мексикалык, Россиялык, Кореялык, АКШ, Израилдик математиктер оң пикирлерин айтышты.

Симпозиумдун жүрүшүндө доцент Д.Э. Канетова Бен-Гурион (Израиль) университетинин профессору А.Лейдерман, МГУнун (Россия) профессору О.Сипачева, Мексиканын улуттук университетинин профессору С.Антонян, Карлов университетинин (Чехия) профессору Марек Гут жана башка окумуштуулар менен маектешип, идеяларды белгилешип, айрымдары менен илимий макалаларды жана монографияларды биргеликте жазуу боюнча макулдашты.

 

Илимий жыйындын аягында уюштуруу комитетинин секция башчысы, профессор Жекуб Уэр доцент Д.Э.Канетовага кызыктуу баяндамасы жана симпозиумдун ишине активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, сертификатты тапшырды. Симпозиумдун илимий комитетинин төрагасы, “Topology and its Application” журналынын редактору, Амстердам университетинин профессору Ян ван Мил Д.Э.Канетованын жасаган баяндамасынын кол жазмасын “Topology and its Application” журналынын атайын номерине илимий макала катары жарык көрүшүнө сунуштады. “Topology and its Application” журналы Scopus жана Web of Science базаларында индекстелет, импакт фактору IF=0,57 (2022) жана квартили Q3.

Прагалык ири симпозиум 1961–жылдан бери ар бир 5 жылда Прага шаарында өтөт. Симпозиумдун ишине бул ирет дүйнөнүн 120 өлкөсүнөн окумуштуулар катышты. Симпозиумдун негизги максаты - математиканын топология областынын азыркы абалын жана кандай багытта экенин аныктоо, заманбап көйгөйлөрүн белгилөө жана анын колдонуштарын арттыруу болуп саналат.

Бул саам симпозимдун уюштуруу комитетинин негизги курамын (дээрлик бардыгын) мыкты Чехиялык “жаш окумуштуу математиктер” түзгөнүн белгилей кетүү менен “Прагалык симпозиумдун” келечеги кең экендигине күмөнү жок ынанган доцент Д.Э.Канетова “Үйрөнчү, сабак алчу жана колго алаарлык иш” болду дейт.

© 2024. Все права защищены.