Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ

ИИМСИде илимий ачылыштарга кенен жол! Ф-м.и.к, доцент Канетова Динара Эменовна 27.06.2022 – 04.07.2022 күндөрү Сербия мамлекетинин Врнячка Баня шаарында уюштурулган Кружевак, Белград жана Нищ университеттери өткөргөн “Анализ, топология жана колдонуштары” (АТА – 2022) аттуу Эл аралык илимий конференцияга катышып келди. Конференцияда Сербия мамлекетинин Билим жана илим министри, Врнячка Баня шаарынын мэри, Кружевак университетинин ректору, Сербия илимдер академиясынын академиктери ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөштү. Конференциянын коноктору Словакия, Германия, Македония, Алжиря, Индия, Улуу Биртания, Хорватия, Азербайжан, Кытай, Греция, Россия, Турция, Иран, Босния жана Герцоговиня, Хорватия ж.б. мамлекеттеринен окумуштуулар катышышып жаңы илимий ачылыштары менен ой бөлүшүштү.    

      Ф-м.и.к., доцент Д.Э. Канетова “About Uniformly Menger Space”, Index of sequential completeness of uniform spaces and uniformly continuous mappings аталыштардагы 2 илимий баяндама жасады. Айрыкча “About Uniformly Menger Space” баяндамасы окумуштуулар арасында кызыгуу менен талкууну жаратты, анткени ал 2003 – жылы дүйнө математиктеринин бири Нищ университетинин профессору Л.Д.Р. Кочинац койгон маселенин чечилиши болчу. Маселеде: “Менгердик, Гуревичтик жана Ротбергердик бир калыптуу касиеттердин тандоо принциптер теориясында түрдүү экенин далилдөө” керек болчу. Бул баяндамада маселенин чечилиши кенениреек айтылып контр мисалдар менен толукталды.

Профессор Л.Д.Р. Кочинац койгон маселени Кыргызстандык ф-м.и.д, профессор Б.Э. Канетов менен ф-м.и.к., доцент Д.Э.Канетова кынтыксыз чечишкенин жана тандоо принциптери теориясы үчүн зор кошумча болгонун баса белгиледи. Россиялык проф. А.В. Осипов жана индиялык проф. С.К. Ачаария бул баяндама боюнча оң пикирлерин айтышты. Эки баяндама тең Скопус базасында индекстелген жана импакт фактору IF=0,68 болгон “Kragujevac Journal of Mathematics” журналына чыгаруу сунушталды.

ИИМСИнин эмгек жамааты ф-м.и.к., доцент Канетова Динара Эменовнага Эл аралык сертификат кут болсун! Чын ден-соолук менен илимий ийгиликтерди каалайбыз!

Ознакомьтесь и информацией в интернете:
http://nimsi.kg/news/123-iimside-ilimij-achylyshtarga-kenen-zhol#sigFreeIde6b5bff0e8

© 2024. Все права защищены.