Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ

 "Чет тилдерин окутууда төрт билгичтикти эффективдүү интеграциялоо" семинар-тренинг

            2022-жылдын 13-майында Жалал-Абад шаарындагы Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институтунда Табигый-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын уюштуруусу менен "Чет тилдерин окутууда төрт билгичтикти эффективдүү интеграциялоо"-деген аталышта кеңири масштабдагы семинар-тренинг болуп өттү.

            Ага жогорку жана орто окуу жайларынын профессор-окутуучулары: К.Ш.Токтомаматов ат. Эл аралык университети, ЖАМУ, ЗЭУнун, орто кесиптик билим берүүчү (колледж) окуу жайлардын, мектеп мугалимдери активдүү катышышты.

Семинар-тренингдин негизги максаты:

- Кесиптик билим берүү алкагында кесиптик жогорулоого жөндөмдүү, социалдык жана кесиптик мобилдүү, компотенттүү тиешелүү деңгээлдеги жана профилдеги адисти даярдоонун максат, милдеттерин жанылоо;

- Инсандын кесиптик өнүгүүсүнө, тажрыйбага ээ болуусуна, окуу процессиндеги окутуунун технология жана методдорун көрсөтүү;

- Чет тилин окутууда жана чет өлкөлүк студенттерге кыргыз тилин чет тили катары окутуп-үйрөтүүнүн оптималдуу ыкмаларын сунуштоо;

- Кесиптик билим берүүчү окуу жайлар арасында тажрыйба алмашуу, учурдагы окутуунун көйгөйлүү маселелери боюнча пикир алышуу;

- Заманбап техникалык каражаттарды окутууда колдонуунун эффективдүүлүгүн арттыруу.

             Бул максатта жүргүзүлгөн семинар-тренингдин катышуучулары ой бөлүшүп, өз пикирлерин ортого салышты жана инновациялык методдор менен өткөрүлгөн сабактарга катышып сунуштарын айтып, ыраазычылыктарын билдиришти. Иш чаранын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

 

Seminar "Effective Integration of four Skills in Teaching Foreign Languages"

            On May 13, 2022, the Department of Natural and Humanitarian Disciplines organized a large-scale training seminar on "Effective integration of four Skills in Teaching Foreign Language" at the Scientific Research Medical-Social Institute in Jalal-Abad.

Professors of universities and teachers of higher and secondary schools, colleges participated in this seminar.

            The goal  of this seminar is to improve, enhance and reinforce the teachers experience in teaching foreign languages. To prepare  highly qualified, knowledgeable, all-rounded  and well-educated teachers. To learn and share gained experiences in teaching English, Kyrgyz and Russian languages as foreign languages. Teachers from international university K.Sh. Toktomamatov.  JASU, secondary vocational schools (colleges), schools took an active part.

            Demonstration of professional development, experience, teaching technologies and methods in the learning process; to improve using modern technologies in teaching process.

            At the end of this seminar participants expressed their point of views, opinions, ideas and gratitude’s. And they were awarded certificates. 

 

© 2024. Все права защищены.