Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ

Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институтунун билим берүү сапатын башкаруу системасы

1. Жалпы жоболор

1.1. Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институтунун билим берүүнүн сапатын башкаруунун системасы КР “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын ИИМСИнин Уставынын, 2011-жылы 22-декабрында ишке кирген мамлекеттер аралык ГОСТ ISO 9001-2011 стандартынын негизинде иштелип чыкты. Билим берүүнүн сапатын башкаруунун системасы (ББСБС) бардык структуралык түзүмдөрүндө билим берүүнүн маданиятын жакшыртууга багытталган иш чараларды белгилейт.
1.2. ИИМСИдеги билим берүүнүн сапатын башкаруунун системасы билим берүүнүн бардык баскычтарында: баштапкы аныктоодон тартып, акыркы жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын жана керектөөчүлөр менен башка кызыкдар тараптардын талаптарын канаттандырууга чейин сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуучу иш чаралардын, усулдардын жана ыкмалардын жыйындысы болуп эсептелет.

1.3. Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институтунда ББСБ системасы ГОСТ ISO 9001-2011 талаптарына ылайык ар дайым иш абалында сакталып, билим сапатын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат. ИИМСИнин ББСБ системасы билим берүү кызматын көрсөтүүнүн сапатынын төмөн экендигин аныктоого, анализдөөгө, жакшыртууга багытталып анын натыйжалуулугун жогорулатууга салымын кошот.

1.4. ББСБ системасы төмөндөгү башкаруу денгээлдерине жайылтылат:

жалпы институт, факулътет, кафедралар, иш орундары.

Жетекчиликтин жана аткаруучулардын милдеттерин жана жоопкерчиликтерин бөлүштүрүүнү, сапаттуу билим берүү боюнча өз ара аракеттенүү тартибин сапат менеджменти системасынын иш кагаздары аныктайт жана көрсөтөт. ИИМСИнин өнүгүү стратегиясы сапат менеджменти системасынын стратегиялык багыты болуп саналат, ал институттун ниетин, миссиясын, максатын аныктайт.

2. Жетекчиликтин жоопкерчилиги

Институттун ректораты ББСБ системасын иштеп чыгуу жана аны колдонууга киргизүү, ошондой эле натыйжалуулугун тынымсыз жогорулатуу милдетин алат. Сапат жаатындагы саясатынын артыкчылыктарын жана максаттарын иштеп чыгууну аныктоо үчүн ректорат стратегиялык жана ыкчам пландаштыруу жол-жоболорун колдонот.

Институттун администрациясы институттун кызматкерлерине керектөөчүлөр жана башка кызыкдар тараптардын талаптарынын аткарылышынын зарылдыгы жөнүндөгү маалыматты жеткирүүгө жооптуу болот. Бул түрдүү децгээлдеги кецешмелердин күн тартибине ушул маселени киргизүү жолу менен ишке ашырылат.

ИИМСИнин ректору, өзгөртүүлөрдү киргизүү менен бирге, ББСБ системасынын иштөө жөндөмдүүлүгүн колдоого жооптуу. Сапат менеджменти системасынын иштөө жөндөмдүүлүгүн көзөмөлдөө окуу иштери боюнча проректорго жүктөлөт.

Институттун жетекчилиги ББСБ системасынын актуалдуулугу жана зарылдыгы жөнүндө маалымат менен кызматкерлердин бардыгы тааныш болуусун, сапат жаатындагы максатка жетүүдөгү ар биринин салымын, ошондой эле керектөөчүлөрдүн сын пикири жөнүндөгү маалыматты бардык кызматкерлерге жеткирүүнү камсыздайт.

ИИМСИде керектөөчүлөр (кызыкдар тараптар) менен кайтарым байланышты камсыз кылуу жол-жоболору иштелип чыккан жана киргизилген. Бул жоопкерчилик өндүрүштүк практика бөлүмүнө жана карьера борборунун башчысына жүктөлөт.

ББСБ системасынын ишмердүүлүгүн, анын жарактуулугун жана натыйжалуу иштешин камсыз калуу максатында институттун жетекчилиги мезгил-мезгили менен анализ жүргүзүлүп турат.

ИИМСИнин администрациясы ББСБ системасынын иштөөсу үчүн керектүү ресурестар менен камсыздайт. Бул - жетекчилерди жана кызматкерлерди сапаттуу башкаруу боюнча окутуу, атайын бөлмөлөрдү бөлүштүрүү, каржылык жана материалдык-техникалык ресурстарды бөлүштүрүү ж.б. аркылуу болот.

3. Иш кагаздарын жүргүзүү процедурасы

ИИМСИнин жетекчилиги тынымсыз иш кагаздарын жүргүзүүнү башкаруу процессии колго алат жана сапатты башкаруу боюнча документтердин жүргүзүлүшүн көзөмөлдөйт. Ички аудиттин негизинде күтүлүүчү натыйжаларга жетүү боюнча жооп бербеген башкаруу тастыкталган учурда, тиешелүү оңдоп-түзөтүүлөр киргизилет. Оңдоп түзөтүүлөр киргизилгенден кийин эскертүүчү иш аракеттер жүрөт,

4. Керектөөчүгө багыт алуу

Институттун жетекчилиги керектөөчүлөрдүн жана башка кызыкдар тараптардын канаттанууларын жогорулатуунун механизмдерин түзүү жана камсыздоо жоопкерчилигин алат. ИИМСИнин негизги кардарлары болуп абитуриенттер, студенттер, институттун бүтүрүүчүлөрү жана иш берүүчүлөр эсептелет.

ИИМСИ чет өлкөлөргө адистиктерди даярдайт. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги ИИМСИнин ишмердүүлүгүнө кызыкдар тарап катары, лицензия, аккредитация жана окуу жайды жалпы текшерүүдөн өтүү үчүн зарыл болгон талаптардын сакталышын көзөмөлдөйт. Институттун жетекчилиги окуу бөлүмүн ушул талаптардын жана натыйжаларынын ИИМСИде аткарылышын тынымсыз көзөмөлдөөнү тапшырат.

Окуу жайдын жетекчилиги тарабынан кызыкдар жактардын талаптары жана күтүүсү белгиленет; суроо-талаптар окутуунун мазмунунда, билим берүү технологияларында жана башкаруу ыкмаларында эске алынгандыгына кепилдик берет. Окуу иштери боюнча проректору инновациялык билим берүү технологияларын ишке ашырууга жоопкерчиликтүү: дисциплиналардын окуу-усулдук комплекстери, модулдук-рейтингдик жана кредиттик технологиялар, компьютердик тестирлөө ж.б.

Окуу иштери боюнча проректору институттун лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча талаптарынын билим берүү программаларынын мазмунунда сакталышын координациялайт.

Факультеттердин декандары, окуу бөлүмүнүн башчысы, кафедра башчылары адистиктердин жумушчу окуу пландарын түзүүгө жооптуу, анын ичинде жаңыдан ачылган билим берүү программаларынын мамлекеттик билим берүү стандартына, заман талабына жана илим жана техниканын учурдагы өнүгүү тенденциясына жооп берүүсун көзөмөлдөйт.

ИИМСИнин ректораты керектөөчүлөрдү жана башка кызыкдар тараптардын талаптары жөнүндөгү маалыматты бардык кызматкерлерге жеткирүү кепилдигин алат. ИИМСИнин жетекчилиги белгиленген бардык талаптардын аткарылышын керектөөчүлөрдүн канааттануусун ченөө жана мониторинг жүргүзүү жолу менен ишке ашырат жана окуу жайдын ишмердүүлүгүн жакшыртуунун туруктуу иш-чараларын иштеп чыгууну колго алат.

5. Сапат жаатындагы саясат

Институттун билим берүү сапатын башкаруу системасы керектөөчүлөрдүн талаптарын аткарууга багытталат жана сапат жаатындагы саясаты ИИМСИнин негизги максатына дал келет. ИИМСИнин администрациясы сапат менеджменти системасын иштеп чыгып киргизүүнү, ошондой эле анын натыйжалуулугун туруктуу жакшыртууну координациялайт. Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институтунун ректору сапат жаатындагы саясатты бекитет, ошондой эле анын жүргүзүүнү уюштурат. Сапат жаатындагы саясатта жетекчилик тарабынан төмөндөгүлөр эске алынат:

- институттун узак мөөнөттү максаты;

- институттун ийгиликтуу ишмердүүлүк жүргүзүүсү үчүн зарыл болгон келечектеги иш чаралардын көрүнүшү;

- керектөөчүлөр жана башка кызыкдар тараптардын институттун ишмердүүлүгүнө канааттануу даражасы;

- кызыкдар тараптардын талаптары жана күтүүлөрү;

- сапат жаатындагы саясатты ишке ашырууга керектүү ресурстар.

Сапат жаатындагы саясатты аныктаган максаттарга жетүү үчүн институттун жетекчилиги:

- сапаттуу билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө жалпы жетекчилик кылууну камсыздайт;

- сапатты башкаруу функцияларынын ишке ашырууда жана ал боюнча милдеттердин ишке ашуусунда түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана алардын жетекчилеринин жоопкерчилигин, ыйгарым укуктарын жана өз ара карым-катнашын так аныктайт;

- сапат жаатындагы саясатты бардык кызматкерлерге, ар бир кызмат ордуна маанисин түшүнө тургандай кылып жеткирет; институттун бардык кызматкеринин сапат жаатындагы саясаттын талаптарын аткаруусун камсыздайт;

- сапат жаатындагы саясаттын кызыкчылыгына каршы турган иш аракет жасаган кызматкерлерге чара көрөт.

Институттун бардык кызматкерлери сапат жаатындагы саясат менен тааныштырылат. Кайрадан же жаныдан ишке алынгандар сапат жаатындагы саясат менен ишке киргенден мурда тиешелүү түзүмдүк бөлүмдө таанышат. Сапат жаатындагы саясат менен тааныштыруу факультеттин деканы, ИИМСИнин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларына милдеттендирилет.

Сапат жаатындагы саясат ар жылы институттун ректору тарабынан каралып чыгат. Сапат жаатындагы саясатка өзгөртүү киргизилген учурда аны актуалдаштыруу жоопкерчилиги окуу иштери боюнча проректоруна жуктөлөт.

Билим берүү сапатын башкаруу системасында процесстик мамиле жасоо колдонулат. Процесстик мамиленин артыкчылыгы башкаруунун үзгүлтүксүз болушун камсыздайт. Бул система тутумунун чегинде жеке процесстердин байланышы, алардын комбинациясы жана өз ара таасир этүүсү жөнгө салынат. Билим берүүнүн сапатын башкаруу системасында процесстик мамилени колдонуу коюлган талаптарды түшүнүү жана аткаруунун, пландалган жыйынтыктарга жетүүнүн, процесстерди аткаруу жана алардын натыйжалуулугун камсыз кылуунун зарылдыгын белгилейт. ИИМСИ сапат саясаты менен байланышкан SMART (Specifik - Measurable - Achievable - Realistic - Timely) системасын жетекчиликке алып, күтүлүүчү натыйжаларды аныктайт.

Өзүнүн миссиясын долборлоодо институт жарандык коомдогу академиялык баалуулукка багытталган көз карандысыз субъект, өзүн-өзү сыйлоо сезими күчтүү, коомдук жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алган, ачык коомдо жашай турган инсанды тарбиялаган, адам баласына билим берүүгө арналган социалдык институт катары өзүн тастыктайт.

Институттун ниети, миссиясы ИИМСИнин 2020-жылга чейинки өнүгүү стратегиясында төмөндөгүдөй айтылат: “Илимдин, инновациянын жана технологиялардын жетишүүсүнүн негизинде, калктын медициналык-социалдык чөйрөсүн жана экономикасын өнүктүрүү максатында, талап кылынган адистерди даярдоо”. Бул миссияны аткарууда эл аралык ISO 9001-2011 сапатты башкаруу стандартына негизделет.

6. Иш берүүчүлөр менен байланыш

Керектөөчүнүн канаттануусу ИИМСИнин сапатты башкаруу системасынын башкы элементи болуп саналат. Керектөөчүлөрдүн - иш берүүчүлөрдүн, ата-энелердин, бүтүрүүчүлөрдүн, коомчулуктун талаптары тынымсыз ачыкталат, анализденет жана тиешелүү чечимдер чыгарылат. Тиешелүү иш кагадары менен тастыкталып, өз ара карым-катнышты улантуунун ыкмалары иштелип чыгат.

ИИМСИ ар дайым иш берүүчүлөр менен байланышта болуу үчүн төмөндөгү натыйжалуу чараларды ишке ашырат:

а) билим берүү программалары боюнча маалыматтарды берүү;

б) иш берүүчулердун суроо-талаптары боюнча мониторинг жүргүзүү;

в) иш берүүчулердун сунуштары жана арыздары боюнча керектөөчүлөр менен кайтарым байланышта болуу.

7. Мониторинг жана чен-өлчөмдөр

7.1. Сапатты башкаруу менеджментинин ыкмаларынын бири катары институт коюлган талаптарды аткарууга байланышкан маалыматтардын мониторингин жүргүзөт.

7.2. Ички текшеруулер (аудит).

ИИМСИнин администрациясы белгиленген убакыттын аралыгында, сапат менеджментинин системасына пландаштырылган иш чаралардын дал келишин аныктоо максатында ички аудит (текшерүү) жүргүзөт.

Аудиттин (текшерүүчүлөрдүн) программасы жагдайларды эске алуу менен белгиленген аралыкта, ИИМСИда иштелип чыккан сапат менеджментинин системасына пландаштырылган иш чаралардын ылайык келе тургандыгын эске алып жүргүзүлөт. Мурда жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын эске алуу менен ички текшерүүчүлөрдүн программасы аныкталат. Критерийлери, колдонуу жааты, аралыгы жана аудиттин ыкмалары ИИМСИнин жетекчилиги тарабынан аныкталат.

7.3. Мониторингдик ченөөлөр.

Институтта сапатты башкаруунун системасы процессии өлчөөгө дал келген мониторингдин усулдары жана ченөөлөрү колдонулат. Эгерде пландаштырылган жыйынтыкка жетпесе, анда зарыл болгон түзөтүүчү иш аракеттер жүргүзүлөт.

7.4. Сапатты башкаруу системасынын жарактуулугун жана натыйжалуулугун талдоо үчүн ИИМСИ тиешелүү маалыматтарды топтойт жана системага салат.

7.5. Үзгүлтүксүз өнүгүү

ИИМСИ сапат жаатындагы башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуунун үстүндө тынымсыз иштейт. Мында сапат жаатындагы саясатты жана максатты талдоо, Ички текшерүүчүлөрдүн жыйынтыктарын жана маалыматтарды анализдөө, түзөтүүчү жана эскертүүчү иш аракетгер жүргүзүлөт. Институттун жетекчилиги тарабынан талдоолордун негизинде чечимдер чыгарылат.

8. Билим берүүнү экспорттоо

Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институту билим берүү программаларынын экспорттук потенциалынын өсүшүн камсыздоо боюнча саясатты жүргүзөт Бул: билим берүүнүн сапатын ички камсыз кылуусун жакшыртууга көмөктөшөт жана ИИМСИнин билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн санатына болгон жоопкерчилигин жогорулатат; институттун академиялык эркиндигинин шарттарында жогорку билим берүүнүн системалуулугун камсыз кылат, окуу жайдын ишмердүүлүгүндө маанилүү көрсөткүчтөрдүн болгондугун тастыктайт.

9. Ички баалоо (өзүн өзү баалоо) иш аракеттери

Институтта билим берүү ишмердүүлүгүнө карата өзүн өзү баалоо жүргүзүлөт. Өзүн өзү баалоонун максаты катары ИИМСИнин ишмердүүлүгүнүн жана билим берүү программаларынын институционалдык жана программалык аккредитациянын стандарттары менен критерийлерине жооп бериши, билим берүү кызматынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын дал келиши эсептелет. Көз карандысыз аккредитациялоодон өтүү аркылуу ИИМСИ төмөндөгүдөй максаттарды коет:

- билим берүүнүн сапатына объективдүү баа берүүнү камсыз кылуу механизмдерин тынымсыз жакшыртуу;

башка жогорку окуу жайлар менен өз ара биримдикте билим берүү сапатынын маселелерин чечүү жана талкуулоо.

10. Рейтинг аркылуу изилдөөлөр

Институттун негизги максаты рейтинг мейкиндигинде өзүн көрсөтүү. ИИМСИ жогорку окуу жайларынын дүйнөлүк жана улуттук рейтинг- боюнча заманбап технологияларын үйрөнөт жана катышат. Билим берүү программаларынын рейтингин жүргүзүү окуу жай, иш берүүчүлөр, абитуриенттер жана алардын ата-энелери, жалпы коомчулук үчүн пайдалуу. Рейтинг - бул алдыга карай өнүгүү, позитивдуу башкаруунун олуттуу куралы. Ошондуктан институт билим сапатын камсыздоонун рейтингин тынымсыз жүргүзүп турат.

© 2024. Все права защищены.