Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ

Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институтунун Жалпы медициналык дисциплиналар кафедрасынын “Дарылоо иши” адистигинин 2-курсунун ЛДИ-1-2-3-тайпаларынын студенттери 2021-2022-окуу жылынын окуу графигине ылайык 2021-жылдын 6-декабрынан 25-декабрына чейин окуу планындагы “Медайымдын жардамчысы” аталыштагы практиканы Жалал-Абад областык клиникалык ооруукасында ийгиликтүү өтүшүп, 2022-жылдын 15-январында практиканын жыйынтыктоочу конференциясында ар бир студент отчетторун тапшырышып, презентацияларын жасашты.
Студенттердин теориялык алган билимин практика менен айкалыштырууга көмөк көрсөтүп, жакындан жардам берип, ар дайым биздин окуу жай менен кызматташып келген Жалал-Абад областык клиникалык ооруукасынын жетекчилигине терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтер каалайбыз!
ИИМСИнин Профессордук окутуучулук курамынын студенттерге сапаттуу билим берүүдө чыгармачылык менен эмгектенгенине ар тараптан колдоо көрсөтүп, студенттердин терең билим алганына, теориялык алган билимин практика менен айкалыштырып, алдыңкы клиникаларда өндүрүштүк практикаларды өтүүгө шарт түзүп берген президентибиз Жаңыбай Токоевичке, ректоратка терең ыраазычылык билдиребиз.

ЖМД кафедрасынын эмгек жамааты.

© 2024. Все права защищены.