Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ

2021-жылдын 3-декабрында Өзбекстандын Самарканд мамлекеттик медициналык институту тарабынан өткөрүлгөн жаш окумуштуулар, студенттердин магистранттардын “Наследники Ибн Сины на третьем Ренессансе” аталыштагы илимий-практикалык конференциясына Жалал-Абаддагы Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институтунун Жалпы медициналык дисциплиналар кафедрасынын ЛДИ-1-20 тайпасынын студенти Мухаммад Шоиб Раззак илимий жетекчиси б.и.к., доцент Орозбаева Жылдыз Мариповна “Ит мурундун дарылык касиеттери Ибн Синанын эмгектеринде” деген темада илимий баяндама англис тилинде жасап, “Эң мыкты макала” номинациясын жана 1-даражадагы дипломго ээ болушту.
ИИМСИнин Профессордук окутуучулук курамынын студенттерге сапаттуу билим берүүдө чыгармачылык менен эмгектенгенине ар тараптан колдоо көрсөтүп, студенттердин терең билим алганына, эл аралык конференцияларга катышып , байгелүү орундарга ээ болушуна шарт тузуп берген президентибиз Жаңыбай Токоевичке, ректоратка терең ыраазычылык билдиребиз.
ЛДИ-1-20 тайпасынын студенти Мухаммад Шоиб Раззак 1-даражадагы дипломго ээ болгондугу менен куттуктап, келечекте илимий-иштеринде ийгиликтердин жарала беришин каалайбыз!
ЖМД кафедрасынын эмгек жамааты.

Программа конференции

© 2024. Все права защищены.