Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ

Биринчи даражадагы "Манас" орденинин кавалери, 30 томдон ашык илимий эмгектердин, 20 басма табактай макалалардын автору, 60 миң сөздү өзүнө камтыган "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", "Орусча-кыргызча", "Кыргызча-орусча" сөздүгү, "Накыл сөздөр", "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", "Камус наама" аттуу китептердин автору, Максим Горькийдин "В людях", "Жизнь ненужного человека", Александр Радищевдин "Петербургдан Москвага саякат", Джонни Родаринин "Чиполлино", Леон Кручковскийдин, Рабиндранат Тагордун чыгармаларын, кытай эл жомокторун которгон мыкты котормочу, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, 16 түрк тилинде жана араб, фарси, немисче эркин сүйлөгөн. 29 жашында кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү, үч кыздын татыктуу атасы К.Карасаев кыргыз тили илимине эле эмес, кыргыз элине опол тоодой эмгек жасаган.


Ушундай улуу адам, кыргыздын көрүнүктүү аалымынын 120 жылдык эскерүү кечелери республика боюнча алгылыктуу белгиленип жатат.
ИИМСИнин Табигый-Гуманитардык дисциплиналар кафедрасы да бул иш-чараны колго алып, «Илимдин дулдулу-К.Карасаев» аталышындагы аймактык илимий-вебинардык конференция 2021-жылдын 17-апрелинде өткөрдү жана кафедранын кыргыз тили жана адабият предметинин окутуучусу, филолог Надырбаева Кутбү Өзүбековна уюштуруп, модераторлук кылды.
Конференцияны ИИМСИнин илимий иштер боюнча проректору, ф-м.и.к. Нарбаев Мирсадык Рахимбердиевич ачып берди жана конференциянын катышуучуларына ийгилик каалап, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Жалпысынан бул илимий иш-чарада эң мыкты делинген 12 илимий макала тандалып алынып, илимий баяндамалар окулду. ОшМУнун жана ЖАМУнун окутуучулары да активдүү катышып, өздөрүнүн илимий иликтөөлөрү менен бөлүштү.
Илимий-вебинардык конференцияны ИИМСИнин Табигый-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын кафедра башчысы, т.и.к., доцент Анарбекова Венера Эркинбековна жыйынтыктап, ар бир окулган баяндамалардын өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолуп, өзүнүн баасын берди жана талапка жооп берген макалаларды ИИМСИнин “ИИМСИ жарчысы” илимий журналына бекер басылып чыгарын белгиледи.
Илимий-вебинардык конференцияда улуу окумуштуунун өмүр жолуна, илимдеги жасаган эмгектерине иликтөө жүргүзүлгөн мыкты баяндамалар ар бир катышуучунун жүрөгүнөн жылуу орун алып, жан дүйнөсүн байыткан азык болду деп ишенебиз.

 

Ознакомьтесь и информацией в интернете:
https://nimsi.kg/news/76-onlajn-konferentsiya#sigFreeId80468006cc

© 2024. Все права защищены.