Научно-исследовательский медико-социальный институт
г. Жалал-Абад, ул. Ленина, 174
+996 (3722) 52588
nnimsi@mail.ru, srmsi.institute@mail.ru

Научно-исследовательский медико-социальный институт

МЕНЮ
МЕНЮ

Урматтуу Баткен эли, башыбызга түшкөн 28-30-апрель күндөрүндөгү кандуу окуялар баарыбызга келген чоң сыноо болду. Мындай учурда бир муштумдай түйүлүп ынтымак болушубуз, оор жоготууга учураган үй бүлөлөрдүн азасын бөлүшүп туруубуз атуулдук милдетибиз деп эсептейбиз. ИИМСИнин эмгек жамааты дайыма сиздер менен!

  1. “Баткен - биз сени менен!” аталышында гуманитардык жардам уюштурулду
  2. Институттун жалпы жамаатынын бир күндүк айлык маянасы которулду.
  3. Медициналык жардам иретинде дарыгерлерден түзүлгөн топ кызмат көрсөтүүгө даяр турат
  4. Кан тапшыруу демилгеси менен окуу жайыбыздын президенти Ж.Т.Арынбаев баштаган ыктыярдуу кесиптештерибиз донор болууда
  5. Институттун базасындагы үч жеке клиникалар жабыркагандарды окуу жайдын эсебинен акысыз дарылоого даяр
  6. Баткен областынын чек ара аймактарындагы жабыркаган айылдарга атайын адис-психологдор жөнөтүлүп жатат

Биз - окуу жайдын эмгек жамааты кандай кырдаал болбосун сиздер мененбиз. Мындан ары да ар кандай колдоолорду көрсөтүүгө даярбыз!!!

 Баткен

© 2025. Все права защищены.