2022-жылдын январь айындагы ИИМСИнин кезектеги Окумуштуулар кеңешинде Жалпы медициналык дисциплиналар кафедрасынын доцентинин м.а. Боржиев Урматбек Арстанбековичке Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясынын 2.12.2021-ж. (протокол №8к-1/13) чечими менен медицина илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы берилгендиги тууралуу диплому ИИМСИнин президенти э.и.д.,
профессор Ж.Т. Арынбаев жана ректор ф-м.и.д., профессор К.Б. Тампагаров тарабынан салтанаттуу түрдө тапшырылып, куттуктоолор айтылды.
Жалпы медициналык дисциплиналар кафедрасынын доцентинин м.а. Боржиев Урматбек Арстанбековичтин илимий иштерине ийгиликтер каалайбыз!